Биз менен байланышыңыз

Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОго каттатуу демилгеленди

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 478 | 0

30-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиевди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Шамиев маалымдагандай, сентябрь айында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеште аталган федерациянын балбандары 7 алтын медалды камсыз кылышкан. Ошол эле маалда Кыргыз күрөшү федерациясынын бир катар өлкөлөрдө филиалдары ачылып эл аралык федерация статусуна ээ болгон. 2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландашырылып жатат.

Жолугушууда Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясын жетектөө жоопкерчиликтүү иш экенине токтолуп, федерациянын эл аралык макам алышы менен куттуктап өттү. Ал эми 2019-жылы кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпионатын өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу маселеси талкууланып, бул багытта жапа тырмак иш-аракеттерди көрүү боюнча сөз болду. Жумабеков кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун тизмесине каттатууга жетишүү кыргыз элинин тарыхында чоң бир из болуп калаарына бекем ишене тургандыгын баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM