Биз менен байланышыңыз

АКШда тыюу салынган түркмөн пахтасынан жасалган товарлар сатылып жатат

Дүйнө | 1 Дек 2018 | 572 | 0

Америка Кошмо Штаттарында түркмөн пахталарынын сатылып жатат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик «Түркмөнстан»  гезитинде жарыяланды.

Маалыматка караганда, америкалык «Walmart» компаниясы жана интернет аркылуу соода жүргүзгөн «Amazon.com» сайты кардарларга түркмөн пахтасын сунуштоодо.

Бул арада АКШнын Бажы кызматы 2018-жылы 18-майда түркмөн пахтасынын импортуна тыюу салган. Ага карабай «Walmart» менен «Amazon» түркмөн буласынан жасалган товарларды соодалап жатат.

Белгилей кетсек, 19-ноябрда өкмөттүк «Ата Ватан Түркмөнстан» интернет басылмасы Виржиния шатында катталган америкалык «Гоза» компаниясы түркмөн пахтасынан өндүрүлгөнкездемелерди жана башка текстиль буюмдарын АКШ базарларына алып чыгарын кабарлаган.

«Түркмөнстан» гезити «Amazon» жана «Walmart» аркылуу сунушталып жаткан түркмөн текстиль товарлары жеңил өнөр жайдын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, ал эми соода компанияларынын суроо-талаптары көбөйөт деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM