Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОго каттоого алынды

Дүйнө | 1 Дек 2018 | 1305 | 0

Тажикстандын «Чакан» деп аталган сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди.

Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, мындай чечим ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин жыйынында кабыл алынды.

«Чакан» оймо-чиймелери менен саймалары көйнөктөрдү кооздоо үчүн байыртан бери Хатлон облусунда жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунда кеңири колдонулуп келет. Бул үчүн колго жасалган көп түстүү кездеме жиби пайдаланылат. Колго сайылган сайма менен кооздолгон Чакан көйнөктөрүжүздөгөн жылдардан бери Тажикстандын тоолуу райондорундагы аялдардын улуттук кийими болуп келген. Нооруз майрамында атлас сыяктуу эле чакан дагы тажик кыздарынын кийимдериндеги негизги элементтердин болуп эсептелет.

Мындан тышкары Тажикстанда чакан саймалары түшүрүлгөн улуттук баш кийимдер дагы популярдуу.

Эске салсак, 2016-жылы декабрда тажиктердин «оши палав» (палоо) тамагы «Тажикстандын салттуу тамагы жана анын социалдык-маданий контексти» катары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM