Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Манас» эпосу боюнча китептердин көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 578 | 0

3-декабрда Бишкекте «Манас — дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана тарабынан уюштурулууда.

Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөгө Манаска, Семетейге жана Сейтекке байланыштуу 1940-жылдан бери жарык көргөн 110 китеп жайгаштырылат. Ошондой эле эпостун кара сөз менен жазган көптөгөн авторлордун эмгектерин, чет тилдерге которулуп жарык көргөн китептерди да көрүүгө болот.

Көргөзмөнү ачуу салтанатына жазуучулар, манас таануучулар, манасчылар, студенттер жана ЖМК өкүлдөрү катышмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM