Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов: Маалыматтык коопсуздукка олуттуу көңүл бөлүнбөйт

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 522 | 0

КСДП фракциясы өкмөттүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ишмердүүлүгүн жетишерлик эмес деп тапты.

Маалыматтык коопсуздук боюнча фракция жыйынныда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Улуттук коосуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымат беришти.

Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө Маалыматтык коопсуздук концепциясы, Кибер коопсуздук боюнча стратегия иштелип чыгып, мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүүдө.

Фракция лидери Иса Өмүркулов бүгүнкү күндө тышкы социалдык түйүндөр балдардын аң-сезимине таасир этип жатканын айтып, өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калганын белгиледи.

Белгилей кетсек, фракция 3 айдан кийин жогоруда аталган концепция, стратегиялар боюнча маалымат алуу чечимине келишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM