Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Кыргызстанга жеңилдиктерди берүүнү улантууга даяр

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 629 | 0

Евробиримдик Кыргызстанга Преференциялардын жалпы схемасы макамынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу мөөнөтүн улантууга даяр. Бул тууралуу бүгүн Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуу учурунда бул маселени талкуулашкан. Эми сүйлөшүү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен улантылат.

Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү чечүүнү талап кылган экинчи маселе экспорттук өндүрүшкө сертификация алуу процесси экендигин белгиледи.

Киргизилип жаткан товарлар бул сертификацияны алышы биз үчүн өтө маанилүү жана ал жеткиликтүү болгон. Биз лабораториялар, кызматкерлерди эксперттик даярдоо жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Ишкерлер айрым учурда өндүрүшүн сертификация үчүн башка өлкөлөргө жиберүү үчүн Түркияга барууга аргасыз болушат”, — деди ал.

Бул маселелер 10-декабрда КРнын Евробиримдик менен кызматташтык кеңешинин отурумунда талкууланары маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM