Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Грузиянын президентин жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 503 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвилини жеңиши менен куттуктады.

Анын башкаруусунда Грузия экономикалык жактан өнүгүп, эл аралык аренада кадыр-баркы жогорулайт деген ишенемин билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат деген тилегин билдирди.

Грузиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Саломе Зурабишвили добуштардын 59,5 пайызын алып, жеңишке жеткен. Бул шайлоо Грузиядагы акыркы түз добуш берүү болуп саналат. Мындан ары 300 кишиден турган атайын делегат президентти 6 жылга шайлайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM