Биз менен байланышыңыз

10-декабрга чейин «кара тизмедеги» кыргызстандыктардын жарымы чыгарылат

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 1465 | 0

10-декабрга чейин Орусиянын миграциялык кызматы «кара тизмедеги» кыргызстандыктардын жарымын чыгарат. Бул тууралуу парламенттин «Республика — Ата Журт» фракциясынын жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз мигранттары арасында Орусия берип жаткан мунапыс жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматтар боюнча, кара тизмеде 70 миңдей кыргызстандык бар.

Эске салсак, октябрь айында Орусия жергиликтүү мыйзамды бузгандыгы үчүн кара тизмеге кирип калган кыргызстандыктар үчүн мунапыс жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM