Биз менен байланышыңыз

УКМК: Террорчулукка үгүттөгөн делген 24 интернет-сайт аныкталды

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 512 | 0

Кыргызстанда террорчулукка үгүттөгөн делген 24 интернет-сайт, социалдык түйүндөгү 5 баракча жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Асылбек Кожобеков билдирди.

Анын айтымында, жогоруда айтылган сайттарды жабуу боюнча 8 соттук чечим кабыл алынган. УКМК террорчулукка жана экстремизмге үгүттөгөн социалдык тармактагы баракчаларды жабууга техникалык мүмкүнчүлүк жоктугунан улам сайттардын администрациясына расмий каттар жөнөтүлөт.

Эске салсак, КСДП фракциясынын депутаттары бүгүн маалыматтык коопсуздук боюнча маселени талкууланып жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM