Биз менен байланышыңыз

Аргентинада дүйнөнүн эң күчтүү 20 өлкөсү чогулат

Бүгүн, 30-ноябрда Аргентинанын борбору Буэнос Айрес шаарында дүйнөнүн эң күчтүү экономикасына ээ 20 өлкөнүн (G20) башчылары жыйналышат. Ушуну менен бул жылы өтүүчү жогорку макамдагы эл аралык жыйналыштар бүтөт.

Саммиттин алкагында каралчу маселелер-соода-сатык мамилелери, санариптик экономика, климаттык өзгөрүү жана гендердик теңдик. Мындан сырткары эки жана көп тараптуу макулдашуулар, сүйлөшүүлөр орун алары күтүлүүдө.

Бирок дүйнөлүк коомчулуктун бүйүрүн башка нерселер кызытары белгилүү. Мисалы АКШ менен Кытай санкциялык согушунун таасиринен кантип чыгат? Владимир Путин менен Дональд Трамп кол алышып учурашабы? Журналисттин өлүмүнөн кийин биринчи жолу жолугуп жаткан Саудиянын ханзаадасын башкалар кантип күтүп алышат?

Мына ушундай орчундуу маселелерден кийин саммит бир пикирге келип,  жыйынтыктоочу резолюцияны кабыл ала алабы деген суроо да көпчүлүктү кызыктырып жаткан чагы.

Кантсе да бул эки күн эл аралык маанилүү маселелердин жаңы нукка бурулушун шарттаары бышык.

Кошумчаласак, G20 саммити 1999-жылдан бери өтүп келет. Ага дүйнөнүн эң күчтүү экономикасына ээ 20 өлкө катышат. Бул өлкөлөрдө дүйнө калкынын үчтө экиси жашап, дүйнөлүк соода-сатыктын 75%ы тиешелүү. Ал эми дүйнөлүк ички дүң продукциянын 85%ы дал ушул жыйырмага таандык.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM