Биз менен байланышыңыз

«Өлтүрүлгөн прокурор Калыковго кылмыш ишин козгойм деп коркуткан»

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 578 | 0

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыковго мыйзам бузуулары боюнча кылмыш ишин козгой турганын айтып, бир нече жолу текшерүү жүргүзүп турган. Бул тууралуу шектүү берген көрсөтмөсүндө айткан.

Маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов Мелис Калыковдун ишмердүүлүгү боюнча пландык жана пландык эмес текшерүүлөрдү жүргүзүп турган. Калыковго буга чейин административдик иш боюнча 10 мин сом айып салынган.

Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн тескөө боюнча башкармалыгын башчысы Замир Бейшекеевдин айтымында, бул шектүүнүн прокурорду өлтүрүүсүнүн башкы себептеринин бири болгон.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Баткенде табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Ал 20-ноябрда соттун чечими менен 2 айга камалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM