Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүсү атайылап атып түшүрүлөт

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 447 | 0

Бүгүн, 29-ноябрдан тарта Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Кар көчкүсүн атып түшүрүү учурунда унаа жол мезгил-мезгили менен жабылышы мүмкүн.

Эске салсак, ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 30-ноябрдан 2-декабрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM