Ысык-Көлдө «Кумтөр» алтын кен ишканасынан сырткары, уран чыгарууга ири компания бел айлоодо. Чалгындоо иштердин жыйынтыгы менен 100 жылдык запас бар экени аныкталды.
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Кызыл-Омполдогу 4 миӊ гектар аянттан уран чыгаруу каралууда. Кен чыга турган жерде Таш Булак кыштагы орун алып, 500гө чамалаган калк жашайт. Учурда жергиликтүү тургундар жумушка тартыла турганы айтылып, түшүндүрмө берилүүдө. Анда элеттиктердин жарымы макулдугун билдирсе, айрымдары кайчы пикирде экенин айыл башчы Ахмет Адылназинов белгиледи.
— Уран чыгаруу боюнча мурда чалгындоо иштери жүрүп, 1972-жылы токтогон. Ал жакта рекультивациялык иштер аяктаган. Азыркы күндө уран алууга колунда барлар каршы болуп жатса, орто жашагандар иштеп акча табууга макулдугун билдирүүдө. Мисалы, менин деле 3 уулум бар. Алар Россиядан иштеп келүүгө аргасыз жөнөп кетишкен. Чет жерден 40 миӊ рубль тапканча үйүбүздүн жанынан 20 миӊ сом тапканы жакшы да. Эми кандай болгон күндө да жогору жак чечет. Эгер зыяндуу десе жабылат, зыяны жок десе ишке берилет.
Тагыраак айтканда, Кызыл- Омполдогу уран кенине алгачкы жолу 1950-жылы чалгындоо жүргөн. Кайрадан 2010-жылы кыргыз-канадалык компания тарабынан лицензия алынып, кайрадан иликтенген. Жыйынтыгында урандын 100 жылдык запасы бар экени аныкталды. Эгер кенди алып иштетсе, элдин жашоо турмушу жакшыра турганын Көк-Мойнок айыл өкмөтү Майрамкүл Кыдыралиева билдирди.
—Бул деген абдан чоӊ инвестор. Бул жеке эле айыл өкмөттүн үлүшүнө эмес, облустун, мамлекеттин өнүгүшүнө да чоӊ салым кошот. Биринчиден жер салыктар түшөт. Жумушчу орундардын 90 пайызына жергиликтүү эл камтылат. Азыркы күндө 300 резюме өткөрүлдү. Мындан сырткары социалдык пакеттер да каралат.
Андыктан 8 жылдын ичинде чалгындоо иштери толук кандуу аяктап, эми «Евразиялык Кыргызстан» кыргыз-канада ЖЧКсы уранды чыгарып алуу үчүн өкмөттөн лицензия күтүп жатат. Тиешелүү талапка ылайык, экология менен калкка эч кандай зыян келтирилбейт. Ѳндүрүш Кара-Балта шаарындагы заводдо жүрө тургандыгын компаниянын башкы директору Светлана Менг маалымдады.
—Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында уран чыгаруучу бир нече компания иштеп жатат. Алар сыяктуу биз дагы 2015-жылдын соӊунда Тоӊ районунда кендин запасы бар деген сунушту өкмөттүн балансына киргизгенбиз. Азыр чалгындоо толук кандуу аяктады. Болгону жерди трансформациялоо, уруксат кагазын алуу жагы калды. Эгер ишке кирип калса, уранды химиялык заттарды колдонбой, жөнөкөй электен өткөрүү ыкмасы менен чыгарабыз. Бул экологияга да, жашоочуларга да эч кандай кооптуу маселе жаратпайт. Себеби алынган сырье толугу менен уран иштетүүчү заводко жөнөтүлөт. Айта кетчү жагдай оор металдын радиактивдүүлүгү төмөн, тиешелүү аймактан толук кандуу тазаланып бүтсө, анда жергиликтүү жашоочуларга жакшынакай жер катары пайдаланууга калтырылат.
Компаниянын өкүлдөрү кошумчалагандай, уран чыгарууга мамлекет тарабынан лицензия берилсе, алгач жумушчу топ 2 сменде иштейт. Бийик тоолуу аймак болгондуктан айлык акы 1 кишиге 350- 400 долларга чейин төлөнөрү болжолдонууда. Андыктан кенди зыянсыз зат менен чыгаруу жолдорун эске алып, колдоо керектигин Жогорку Кеӊештин депутаты Кожобек Рыспаев айтат.
—Эгерде адистердин айтканындай уран жаӊы технология менен, эч кандай ден соолукка, экологияга зыяны жок болсо иштетип, калдыктарды бүткөрүш керек. Аны кармап отурганда эч пайда жок. Тескерисинче өндүрүштүн пайдасы бар. Эгерде жанакыдай кум ээлеген, алтын чайкаган майда компаниялар болсо анын зарылдыгы жок эле. Мисалы, чоӊ завод салынса салыкты эле эсептеп көргөндө көп киреше алып келмек.
Маалымдай кетсек, Тоӊ районундагы уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан.