Биз менен байланышыңыз

Орус аскери катышкан кырсык: илгерилебеген иш

Коом | 28 Ноя 2018 | 1072 | 0

Орусиянын аскеринин катышуусунда болгон жол кырсыгында каза тапкан аялдын жакындары, адвокаты азыркы күнгө чейин расмий чечим чыга электигин айтып чыгышты. Учурда Орусия тарап териштирип, аскерди материалдар боюнча күнөөлүү деп тапканы менен тергөө материалдары Аламүдүн райондук ИИБнен Орусияга өтө электигинен улам расмий чечим чыгара албай жатат. 

Ушул жылдын 27-августунда Лебединовка айылында “Кант” авиабазасынын аскери 40 жаштагы Айгүл Курманкелдиеваны сүзүп кеткен. Маркумдун сиңдиси Айнура Курманкелдиева андан бери көп убакыт өтсө да, эч кандай чечим чыга электигине нааразы. Колундагы жалгыз баласы азыр энесин издейт. Ал эми күнөөлүү тарап жоопко ушул убакытка чейин тартылбай жатканын түшүнбөйт.

-Мен Аламүдүн РИИБине барып, арыз жазып келгенмин. Бирок жооп жок. Орусия тарап болсо тиешелүү материалдар келбеген үчүн чечим чыкпай жатканын айтып жатат. А биздин органдар эмне үчүн материалдарды өткөрүп бербей жатканын түшүнбөй келебиз.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча эки тарапта кылмыш иши ачылган. Жабырлануучу тараптын адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында, келишимдерге ылайык, Орусиянын аскери Кыргызстан тараптан соттоло албайт. Ал эми Аламүдүн РИИБ жеринен чогулткан материалдарды Орусия тарапка өткөрүп бербегени үчүн Кремль расмий чечим чыгара элек. Мындан улам жакындары учурда кенемте ала албай жатат.

Азыркы учурда эки тарапта тергөө жүрүүдө. Кыргызстан тарап менен бирге Орусияда кылмыш иши козголгон. Материалдар Орусияга өткөрүлбөй жатканына байланыштуу расмий чечим чыга элек. Бирок Орусияда тергөө материалдарына жараша ал жарандын күнөөсүн аныкташкан. Биз Орусияга кайрылганыбыз менен, биздин органдар толук жооп бербей жатат. Жообу “тергөө жүрүп жатат” деген сөз менен гана чектелүүдө. 

Мындан улам биз да бул иш боюнча материалдарды чогулткан Аламүдүн РИИБнын басма сөз кызматына кайрылдык. Алардын жообу жабырлануучуларга берген жооптон өзгөчөлөнгөн жок. Айтымдарында, ишти тергеп жаткан кызматкер менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми юрист Касым Райымкул уулу бул боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Эгерде РИИБ өз убагында жооп бербей жатса, андан андан жогорку тараптарга кайрылыш керек. Алар сөзсүз жооп бериши зарыл. Антпесе иш алдыга жылбайт.

Кошумчалай кетсек, адвокат Икрамидин Айткулов бул иш боюнча Башкы прокуратурага да арыз жазганын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM