Биз менен байланышыңыз

Жөлөк пул боюнча социалдык ролик даярдалууда

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2018 | 931 | 0

Жөлөк пул боюнча социалдык роликтер даярдалууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, социалдык роликте жөлөк пул алууда керектүү документтер, аны алуунун шарттары жана башкалар тууралуу маалымат берилет.

«Көпчүлүк жөлөк пулду кайсыл жактан, кантип алуу керектигин билбейт. Ошондуктан роликтер даяр болуп калсо ЖМКлар, социалдык түйүндөр аркылуу маалымат таратабыз. Мындан сырткары брошюраларды бастыруу боюнча «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду менен бирге иштешип жатабыз«, — дейт Кочкоров.

Маалыматка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине түшкөн кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жөлөк пулдар боюнча. Учурда жөлөк пулдардын даректүүлүгүн арттыруу, мүчүлүштүктөрду жоюу аракеттери көрүлүүдө.

Кочкоров коомчулук жөлөк пул алуучу адамдардын тизмесин тактоого, көзөмөлдөөгө жардам берсе жакшы болорун кошумчалады.

«Бизде бир топ мамлекеттик органдардын электрондук базасы жок. Бирдиктүү база жок болгондуктан жарандардын маалыматын так көрө албай жатабыз. Алсак, малдарды идентификациялоо боюнча маалыматтар электрондоштурула элек. «Түндүк» сиситемасын ишке ашыруу менен электрондук өкмөт иштеп баштаса, биздин министрлик жарандар тууралуу маалыматтарды айыл өкмөттөн, Мамлекеттик каттоо кызматынан, Салык кызматынан маалымкаттарды аныктап алмак», — дейт министр.

Ал буга кошумча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулду чегерүү толугу менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлерге өткөнүн, ага ылайык кызматкерлердин жоопкерчилиги жогорулатылганын айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM