Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Кайрымдуулук фонддору бир аянтчага топтолот

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2018 | 956 | 0

Өлкөдөгү кайрымдуулук фонддор бир аянтчага топтолот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жардамга жардамга муктаж адамдардын базасы түзүлөт.

«Азыр кайрымдуулук фонддор көп. Бирок алар калктын кайсы катмары менен иштешип жатканы тууралуу анализ жок. Андыктан муктаж адамдардын электрондук базасын түзсөк, колдоо көрсөтүүдө фонддор менен аймактарды бөлүшүп алмакпыз. Учурда  фонддордун көбүрөөк каражатын аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө колдонуу боюнча иш-аракеттер болуп жатат», — дейт Кочкоров.

Кочкоров кайрымдуу жарандарга кызыктыруучу шарттарды түзүү багыты да караштырыларын белгиледи.

«Бизге көпчүлүк адамдар материалдык колдоо боюнча кайрылып жатат. Бирок көмүр, материалдык жардам, жеңилдиктер  биз тараптан эмес, жергиликтүү бюджеттен берилет. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде пенсия, жөлөк пул, сүйүнчу пул маселелери бар. Башкача айтканда, материалдык жактан жардам берүү каралган эмес. Мен башка жактан алып бере албайм», — дейт Кочкоров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM