Биз менен байланышыңыз

Токтакунов: Исаков сот эч нерсени чечпей турганын түшүнүп турат

Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 471 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сот эч нерсени чечпей турганын түшүнүп турат. Мындай пикирин укук коргоочу, Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Исаковго өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы иштегин деп сунуш келген. Бирок ал кабыл алган эмес. Ошондон баштап кылмыш иши козголду. Бирок ЖЭБде модернизацияны кабыл алгандар ошол кездеги Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү болуп жатат. Аны дагы териштирүү керек анда»,-дейт Токтакунов.

Ал тергөөнүн жүрүп жатканына жарым жыл болсо да эч кандай маалымат жок экенин, прокурор, тергөөчүлөр менен да жолукпай жатканын айтты.

«Эч кандай кыймыл жок. Болгону 2 суракка бардым. Кесипкөй тергөөчү жана прокурорлордун дилилдери болсо жактоочулар тоскоолдук кыла албайт. Мен Бишкек ЖЭБи боюнча ишти карап жаткандыктан, эч кандай далилдери жок экенин көрүп жатам. Исаковду президенттин күчүн колдонуп парламентте депутаттрадын добушун камсыз кылуу боюнча күнөөлөп жатышат. Келишимди депутаттар өздөрү колдоду. Бул жакта ошол кездеги өкмөт, Артыкбаев, ЖК баары жоопкерчиликтүү. Исаков кытайлык ТВЕА компаниясын тандагыла деген эмес, бул боюнча бир дагы документ жок», — дейт Токтакунов.

Эске салсак, Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM