Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын кирешелери. Сандар жана фактылар

Кыска кабар , Экономика | 26 Ноя 2018 | 974 | 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердигинин сандар жана фактылар.

            2015-жылдын 12-августунан баштап Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары-ЕАЭБ) толук укуктуу мүчөсү болгон. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден баштап ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарларды администарциялоо Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенге чейин бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн негизги үлүшү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден ташып кирген товарларга туура келчү:

— 2014-жылга карата ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 19,3 млрд. сомду түзгөн, бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн жалпы көлөмүнөн үлүшү-45,3%;

— 2014-жылга карата үчүнчү өлкөлөрдөн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 23,3 млрд. сомду түзгөн, бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн жалпы көлөмүнөн үлүшү –54,7%.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден кийин орточо 6,5 млрд. сомдон көп республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү ар жыл сайын жоргорулашы байкалууда.

Ошентип, акыркы 2017-жылга бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 34,2 млрд. сомду түзгөн.:

— 2015-жыл менен салыштырганда 13,4 млрд. сомго көп;

— 2016-жыл менен салыштырганда 5,0 млрд. сомго көп.

«КРдин 2018-жылга карата республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2018-жылга карата республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу 39,8 млрд. сом суммада бекитилген:

— 2015-жылы үчүнчү өлкөлөрдөн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү менен салыштырганда 19,0 млрд. сомго көп;

— 2016-жыл менен салыштырганда 10,5 млрд. сомго көп;

2017-жыл менен салыштырганда 5,6 млрд. сомго көп.

Бүгүнкү күндө бажы кызматына республикалык бюджетке кошумча 3,7 млрд. сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн түшүүсүн камсыз кылуу боюнча милдет коюлган.

Жалпысынан 2018-жылга бажы кызматы республикалык бюджетке 43,5 млрд. сом суммада бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылуусу зарыл.

2018-жылдын январьоктябрь айларына бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 34,2 млрд. сом өлчөмүндө белгиленген.

2018-жылдын январьоктябрь айларына бажы кызматы иш жүзүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 34,3 млрд. сом суммада камсыз кылган, аткаруу 100,3% түзөт.

2017-жылдын 10 айы менен салыштырганда түшүү 6 млрд. 531,2 млн. сомго көбөйгөн же өсүү темпи 123,5% түзгөн.

Маалымат иретинде: Жалпы 2017-жылга карата бажы кызматы бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 34,2 млрд. сом суммада камсыз кылган. 2018-жылдын 1-ноябрындагы абалы боюнча МБК 2017-жылдын жылдык көрсөткүчүнө чыккан.

 Ошондой эле акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясынын көлөмүнө жана республикалык бюджеттин жалпы кирешесине карата бажы төлөмдөрүүн түшүүсүнүн оң динамикасы байкалууда:

— 2018-жылы ИДПга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүү үлүшү-7,7% түзгөн, ал эми 2016-жылга карата бул көрсөткүч — 6,4% түзгөн;

— 2018-жылы республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмүндө бажы төлөмдөрүнүн үлүшү – 30,3%, 2016-жылы бул көрсөткүч 25,3% түзгөн.

2016 – 2018-жылдарга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн түшүүсү, млн. сом

 2016 -ж. 2017-ж. 2018-жылдын 10-айы
ИДП 458 027,4 493 322,0 420 012,4
Республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 115 771,5 134 707,3 106 680,5
Бажы кызматынын киешелери 29 338,4 34 179,7 32 279,5
ИДПга  % 6,4% 6,9% 7,7%
Бюджеттин жалпы кирешесине

 %

25,3% 25,4% 30,3%

 

ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн түшкөн ташып кирүү бажы алымдары жана ББТ чендери боюнча төлөнгөн жана ЕАЭБ Келишимине ылайык эсептелген чогултулган бажы алымдары боюнча маалымат

Ташып кирүү бажы алымдарынын суммасын эсептөө жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндө протоколуна ылайык, аларды мүчө-мамлекеттердин бюджетине кирешени которуу (Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөкелишимине №5 тиркеме) төмөнкү ташып кирүү бажы алымдарынын суммасын бөлүшүтүрүү ченемдери белгиленген:

— Россия Федерациясы — 85,265%;

— Казахстан Республикасы – 7,055%;

— Беларусия Республикасы – 4,560%;

— Кыргыз Республикасы – 1,900%;

— Армения Республикасы – 1,220%.

2015-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын январь-октябрын кошуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине ташып кирүү бажы алымдарынын түшүүсү 45,3 млрд. сомду түздү, анын ичинде:

— 2015-жылдын октябрь-декабрына карата– 3,5 млрд. сом;

— 2016-жылга карата – 13,1 млрд. сом;

— 2017-жылга карата – 15,4 млрд. сом;

— 2018-жылдын 10 айына карата – 13,4 млрд. сом.

  2015 – 2018-жылдарга ташып кирүү бажы алымдарынын түшүүсү.

                                                                                     (млн. сом)

  ЕАЭБден КРдин бюджетине түштү

 

2015-жылдын октябрь – декабры 3 522,0
2016-жыл 13 094,7
2017-жыл 15 358,5
2018-жылдын январь – октябры 13 360,5
Бардыгы: 45 335,7

 

 2018-жылдын январьоктябрына ташып кирүү бажы алымдарынын түшүүсү КР Финансы министрлиги тарабынан 13,5 млрд. сом өлчөмүндө белгиленген.

Иш жүзүндө 2018-жылдын январь-октябрь айларына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасынын бюджетине ташып кирүү бажы алымы 13,4 млрд. сом суммада түшкөн, болжолду аткаруу 99,0% түзөт же 134,4 млн.сомго аз түштү.

2017-жылдын 10 айы менен салыштырганда түшүү 893,0 млн. сомго көбөйгөн же өсүү темпи 107,2% түзгөн.

Кыргыз Республикасы тарабынан 2018-жылдын 10 айына карата ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджетине ташып кирүү бажы алымы 13,9 млрд. сом суммада чогултулган жана которулган, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып кирүү бажы алымдарынын түшүүсүнөн 593,8 млн. сомго көп.

 2018-жылдын 10 айына карата ташып кирүү бажы алымдарынын түшүүсү

 

                                                                                   (млн. сом)

  ЕАЭБден КРдин бюджетине түштү

 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджетине КР тарабынан которуулар четтөө
Кыргыз Республикасы 264,6 276,3 -11,8
Казакстан Республикасы 709,0 740,5 -31,5
Беларусия Республикасы 688,8 719,4 -30,6
Россия Федерациясы 11 578,3 12 092,8 -514,6
Армения Республикасы 119,8 125,1 -5,3
Бардыгы: 13 360,5 13 954,3 -593,8

 

 19.11.2018-жылдагы kyrgyztoday макаласы (Кытай  контрабандасы   Казахстанда жана  Кыргызстанда – 2018-ж.)  жана  19.11.2018 –жылдагы Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти А.Атамбаевдин «Апрель» телеканалына берген интервьюсу боюнча КРӨ караштуу Мамлекеттик бажы кызматы төмөнкүдөй маалымат берет.

 2018-жылдын март айында КРӨ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги тарабынан 2018-жылдын январь-февраль айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн жогорулашы тууралуу айтылган.

Ошентип, 2018-жылдын январында бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу 2,0 млрд. сом суммасында белгиленген.

Иш жүзүндө бажы кызматы республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 2,9 млрд. сом суммасында түшүүсүн камсыз кылды, болжолду аткаруу 146,2% же 907,5 млн. сомго көп сумманы түздү.

2018-жылдын февралына карата бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу 2,6 млрд. сом өлчөмүндө белгиленген. 

Иш жүзүндө бажы кызматы республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 3,1 млрд. сом суммада камсыз кылды, болжолду аткаруу 123,3% же 595,4 млн. сомго көп түздү.

Буга байланыштуу, 2018-жылдын январь-февраль айларында бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу товарлардын импортунун кескин жогорулашы менен байланышканын белгилей кетүү зарыл. 

Ошентип, 2018-жылдын январь-февралында Кыргыз Республикасынын аймагына – 413 млн. АКШ долллар суммасында товарлар импорттолгон.

2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда товарларды импортоонун көлөмү 94,3%га жогорулады же товарлар 200,4 млн. АКШ долларга көп импорттолгон.

 

2017-2018-ж.ж. январь-февралында товарлардын салык салынуучу импорту

 

  2017-ж. январь-февралы үчүн 2018-ж. январь-февралы үчүн Четтөө Өсүү темпи, (%)
млн. долл. млн. сом млн. долл. млн. сом млн. долл. млн. сом долл. сом
Салык салынуучу  импорт 212,6 14 738,2 413,0 28 355,0 200,4 13 616,8 194,3 192,4

 

2018-жылдын январь-февралы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына Кытай Элдик Республикасынан 301 млн. АКШ доллар суммасына товарлар импорттолгон.  

2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда товарларды импорттоонун көлөмү 2 эсе жогорулады (өсүү темпи 210%) же товарлар 158 млн. АКШ долларынан көп суммага импорттолду.

 

Кытай Элдик Республикасынан товарлардын импортунун көлөмүнүн динамикасы

(млн. долл.)

  2017-ж. январь-февралы үчүн 2018-ж. январь-февралы үчүн өсүү темпи
 

КИТАЙ

143,4 301,0 210%

 

Кытай Элдик Республикасынан товарлардын импортунун оң көрсөткүчтөрү, ошондой эле «Иркештам» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы жана «Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы негизги автомобилдик өткөрмө пункттары боюнча да байкалган.

Ошентип, 2018-жылдын январь-февраль айларында «Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы боюнча жүктөрү менен унаа каражаттарынын саны 3 089 бирдикти түздү же 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 1 441 бирдикке жогорулады, товарлардын импортунун көлөмү 61,2 миң тоннаны же 30,9 миң тоннага жогорулады.

«Иркештам» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы боюнча жүктөрү менен унаа каражаттарынын саны 1 172  бирдикти түздү же 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 463 бирдикке жогорулады, товарлардын импортунун көлөмү 24 миң тоннаны же 9,3 миң тоннага жогорулады.

 

2017-ж. январь-февралы үчүн 2018-ж. январь-февралы үчүн Четтөө (+/-)
Унаа. саны Салмак (миң тонна) Унаа. саны Салмак (миң тонна) Унаа. саны Салмак (миң тонна)
«Иркештам» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы 709,0 14,6 1 172,0 24,0 463,0 9,3
«Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы 1 648,0 30,4 3 089,0 61,2 1 441,0 30,9
БАРДЫГЫ 2 357,0 45,0 4 261,0 85,2 1 904,0 40,2

 

Ошентип, 2018-жылдын январь-февраль айларында товарлардын импортунун көлөмүнүн өсүшүнүнүн жана тиешелүү түрдө бажы төлөмдөрүнүн түшүү көлөмүнүн жогорулашынын себеби төмөнкүлөр болду.  

2017-жылдын октябрынан декабрын кошуп Казакстан Республикасы бир жактуу тартипте Кыргыз Республикасы менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын ташып өтүүсүн токтотту.

2017-жылдын декабрь айынын аягында Казакстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасы менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар алынды.

Аталган фактор 2018-жылдын башында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн жогорулашы жана Кыргыз Республикасына ташылуучу товарлардын импортунун көлөмүнүн өсүшүнүн негизги себеби болуп саналат. 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM