Connect with us

Жээнбеков: Жазында чоң курултай өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 614 | 0

Бир жылдан бери мамлекет бир топ эркин болуп калды. Бул кандайдыр бир деңгээлде президенттин мээнети. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экинчи маанилүү нерсе өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ЖМКларга басым жасаган эмес. Президент оппоненттери менен дагы мамиле түзүүгө аракет кылууда. Бул жакшы көрүнүш болуп эсептелет.

«Бирок ошону менен бирге маанилүү өзгөрүүлөрдү баштай албай жатат. Мамлекеттин багытын көрсөтүп бере албай жатат.  Экинчиден, биз жазында чоң курултай өткөрүүнү жарыяладык. Бул абдан маанилүү маселе. Кечээки курултайда Атамбаевге көп көңүл буруунун негизги белгиси Жээнбековго барып жаткан белги болуп эсептелет», — дейт Жээнбеков.

Анын пикиринде, эгер президент коомдук, саясий уюмдардын курултайында кабыл алынган чечимдерди 6 ай аралыгында ишке ашырып баштабаса жазында Жээнбековго көп суроолор пайда болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM