Биз менен байланышыңыз

Молдалиев: Президентке азырынча ишеним бар

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 567 | 0

Бизде күчтүү оппозициялык маанайдагы партиялар жок болгондукеан парламентти таркатуунун кажети жок. Мындай пикирин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, парламент таркаса да бийликке азыркы партиялар келет.

«Азыр Жогорку Кеңешти тараткандын мааниси да жок. Ашыкча чыгымга туш болобуз. Оппозиция болмоюнча коом өнүкпөйт»  — дейт Молдалиев.

Ал буга кошумча, эл президент Сооронбай Жээнбековго ыраазы болуп жатканын моюнга алуу керектигин белгиледи.

«Жээнбековдин ишине Бишкек ЖЭБиндеги окуя жакшы көрсөткүч болуп берди. Айыптуулар сурак берип, камалып отурат. Атамбаевдин жанында жүргөндөрдүн дээрлик баары камалды, асты кача баштады. Ошондуктан азырынча президентке ишеним бар. Ошол эле кезде такыр кемчилиги жок деп айтууга болбойт. Себеби реформалар токтоп калды. 6 жыл бат эле өтүп кетет», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM