Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Парламенттин ролу маанилүү болбой калды

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 920 | 0

Парламенттин таркашы коомго жана өлкөнүн социалдык, экономикалык абалына байланыштуу. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азырынча парламент таркабайт. Учурда Жогорку Кеңештин ролу маанилүү эмес. Анын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири президент жана анын тегереги болуп эсептелет.

«Ошондуктан биз парламентти баса калдык. Бирок парламентти ошол абалга алып келген киши тууралуу эч кимибиз сүйлөгүбүз келбейт. Бул туура эмес көз караш. Парламенттин ролу жок. Себеби 27 жылдан бери парламентти президенттик бийлик басып калган. Жогорку Кеңеш президенттерге көз каранды. Президенттин кемчилигин азыр айтканга аракет кылышыбыз керек», — дейт Жэээнбеков.

Ал парламенттен сыртка калган саясатчылардын баары парламенттик шайлоо өткөрүү кызыктар экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM