Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Камактагы саясатчылар акталбаса азыркы бийлик Атамбаевдин жолунда деп айтуу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 552 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде коомдук, саясий уюмдардын курултайында саясий куугунтук менен камалгандар тууралуу көп айтылганын билдирди.

Жээнбеков курултайга «Ата Мекен» партиясынан, Садыр Жапаровдун тарапташтары, саясий куугунтука каршы комитет катышкандыктан саясий куугунтук менен камалгандар чыгарылсын деп айтылганын белгилейт.

«Эгерде Атамбаедин убагында саясий мотив менен камалгандарды азыркы президент чыгарбай турган болсо анда биз логикалык жактан жыйынтыкка келишибиз керек. Азыркы бийлик Атамбаедин жасаган иштери туура деп мойнуна алып жатканынын далили болуп эсептелет», — дейт Жээнбеков.

Эске салсак, 24-ноябрда Бишкекте саясий партиялардын, коомдук жарандык уюмдардын, саясатчылардын катышуусунда курултай өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM