Биз менен байланышыңыз

«Курултайда өлкөнүн эртеңкисин ачып бере алган жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 527 | 0

Коомдук, саясий уюмдардын курултайында мамлекеттин атын өзгөртөбүз, диний маселе боюнча киребиз дегендер да болду. Бул тууралуу саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултайга президенттин, өкмөтүн өкүлү келгени жакшы маселе. Бирок оппозициялык саясатчылардын катары азайып бара жатат.

«Кечее, бүгүн, эртең» аталыштагы курултайда өлкөнүн кечээкиси экс-президент Атамбаев, бүгүнкүсү өлкө башчы С.Жээнбеков болду. Бирок эртеңкисин эч ким даана белгилеген жок. Кечээки жана бүгүнкүнү элдин баары билет. Эртеңки бүдөмүк. Курултай ошону ачып бериши керек эле. Кандай багытта реформа болушу керектиги түшүнүксүз болуп калды», — дейт Молдалиев.

Ал курултайда азыркы бийликтин жаңылыштыктарын айткан эч ким болбогонун белгилейт.

«Бийликтин кемчиликтерин айтуу зарыл эле. Бизде реформа жасалат дет айтылат. Бирок сот системасы реформаланбай жатат. Мурунку революцияга да соттордун адилетсиз чечимдери себеп болгон. Курултайда оппозиция реформаларды талап кылышы керек эле. Аны эч ким айтан жок», — дейт саясатчы.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM