Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Курултай максатына жеткен жок

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 781 | 0

Коомдук, саясий уюмдардын курултайы максатына жеткен жок. Мындай оюн саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултайда күчтүү, радикалдуу оппозиция болгон эмес.

«Курултайга бардык тараптарды чакырганга аракет кылдык. Бирок өлкөдө оппозициялык маанай жок болгондуктан бийликке сын айткандар аз болду. Тилекке каршы маанилүү социалдык, экономикалык багытыбыз талкууланбай калды. Экс-президент Алмазбек Атамбавге көп көңүл бурулду», — дейт Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков президент бийликке келип бардык бийлик бутактарын басып алганын, бардык маселелерди өлкө башчы чечип калганын белгилейт.

«Бул жаман көрсөткүч. Келечекте президент Сооронбай Жээнбековго кыйынчылык алып келиши мүмкүн. Акыркы жылдары оппозицияга чыгуу кыйын. Себеби мурунку бийлик оппозициянын тамырын кыркып койду. Ошондуктан курултай бир тараптуу болуп калды. Ал бийликтин көз карашын колдоп, Атамбаевди каралоо көп болду», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM