Биз менен байланышыңыз

Ч. Айдарбеков Түркмөнстандын ТИМи менен жолукту

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 639 | 0

24-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Брюсселде түркмөнстандык кесиптеши Р.Мередов менен жолукту. Бул тууралуу ТИМнин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу «Евробиримдик-Орто Азия» форматынын негизинде жыл сайын өтүүчү тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында орун алды.

Эки тараптуу сүйлөшүүдө министрлер актуалдуу аймактык маселелерге токтолуу менен эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, маданий жана гуманитардык мамилелерди бекемдөө тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле түркмөн дипломатынын сунушуна жооп кылып Ч.Айдарбеков дагы аны Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM