Биз менен байланышыңыз

Бишкектин жолдору кардан тазаланууда

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 763 | 0

Бишкек шаарынын жолдору, тротуарлар кардан тазаланып, туз жана кум себүү иштери журүүдө. Бул тууралуу шаардын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык негизги көчөлөргө кум жана карды ээритүүчү туз себүү иштери уланууда. Ошондой эле тротуарлар да кардан тазаланууда. Шаар боюнча жалпысынан 40 атайын техника жана 740 тазалык кызматкери иштөөдө. Ал эми себүүгө 426 тонна кум жана 50 тонна туз сарпталды.

Эске салсак, 24-ноябрда башталган шамал жана жамгырдын артынан кар жаап, жолдор тайгалак болуп калды. 25-ноябрга карата кар жаабай турганы маалым болду. Абанын табы күндузү -1, түнкүсүн -8-10го барабар болору күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM