Биз менен байланышыңыз

Орус адабиятчыларына Грузияга кирүүгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 620 | 0

Орус жазуучусу Виктор Ерофеев аны Грузиянын чек арачылары өлкөгө киргизбей, артка кайтарганын айтып чыкты. 23-ноябрда Грузиядагы маданий иш-чарага бара жаткан жеринен артка кайткан жазуучу мунун себебин түшүнбөй жатканын билдирди.

«Алты ай мурда эле Грузиядагы фестивалга ардактуу конок катары келип кеткем. Бирок бул жолу киргизишпеди. Мунун себебин сурасам уруксат жок экенин гана айтып, себебин түшүнүрүүгө болбосун айтышты. Менимче, бир нече күн мурда Абхазияга барганым грузин бийлигине жеткен окшойт. Ошондон улам мага тыюу салышкан го?»,-дейт жазуучу.

Ушундай эле жүйө менен «Ералаштын» негиздөөчүсү Борис Грачевский жана Тбилисидеги кино фестивалдын башкы продюссери Владимир Пирожок Грузияга кире алышкан жок. Алар дагы бир нече күн мурда Абхазияга барганы маалым болгон.

Кошумчаласак, Абхазия жарым-жартылай таанылган мамлекет. Ал БУУнун тизмесинде Грузиянын аймагы катары каралган. Бирок, абхаз өкмөтү өзүн эгемендүү мамлекет катары жарыялап келет. Муну Грузиянын борбордук бийлиги четке кагып, анын өз алдынчалыгын кабыл албайт.

Copyright © 2017 Maral FM