Биз менен байланышыңыз

Президент илим жана техника кызматкерлерине сыйлык тапшырды

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 868 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков илим жана техника жагындагы кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда илимди абстракттуу изилдөөлөргө эмес, экономиканы, социалдык чөйрөнү, жалпы мамлекетти өнүктүрүүгө багыттоо зарыл. Биз өнүгүү, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн калктын саны эмес, адам ресурстарынын сапатына көңүл бурушубуз керек деп белгиледи.

Президент сыйланып жаткан ар бир лауреаттын атын атап, жасаган иштери үчүн тереӊ ыраазычылыгын билдирди, сыйлыктары менен куттуктады. “Сиздердин эмгегиӊиздерди мамлекеттик жогорку сыйлык менен белгилөө — адилеттиктин иши болду. Мамлекет өз жарандарынын мекенге арнаган эмгегин баалап, аларды сыйлап, барктап алыш керек”, — деди.

Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон илимий эмгектер өлкөбүздүн актуалдуу маселелерин чечүүгө пайдасы тиет. Элдин турмуш шартын жакшыртууга таасир этерине ишенем деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM