Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы мигранттардын 75 пайызы кытайлар

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 1070 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Миграция мамлекеттик кызматы быйыл 12 миң чет өлкөлүк жаранга иштөөгө уруксат берген. Бул тууралуу аталган кызматтын статс-катчысы Нурлан Шерипов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 90 мамлекеттин жараны Кыргызстанда иштөөгө уруксат алышкан. Алардын арасында 75 пайызын Кытайдан келген жарандар түзөт.

Ошондой эле чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын көпчүлүгү өнөр жай жана жол тармагында иштешет. Жалпы мигранттардын 48 пайызы Бишкек шаарында эмгектенишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM