Биз менен байланышыңыз

Украина чагымчыл сайт боюнча Германиянын талабына жооп берди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 645 | 0

Украинада иш алып барган «Миротворец» сайты жеке менчик болгону үчүн анын жазган материалдарынын мазмуну үчүн Украинанын өкмөтү жооптуу эмес. Мындай билдирүүнү Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мельник таратты.

Дипломаттын пикиринде, украин бийлигинин сайттын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсү сөз эркиндигин тебелөө менен мыйзамга каршы келүү болуп саналат. Ошондуктан бул жагдайда Киевдин мүмкүнчүлугү чектелүү экенин кошумчалады.

«Бирок биз «Миротворец» сайты боюнча германиялык кесиптештер менен сүйлөшүүлөргө даярбыз. Жеке менин оюмча сайттын аталган тизмеси абдан орунсуз болуп калды«,-деди Мельник.

Эске салсак, өткөн аптада украиналык белгилүү чуулуу «Миротворец» интернет-сайты Германиянын экс-канцлери Грехард Шредерди «кара тизмеге» киргизип, «Украинанын душманы» деп атаган. Буга экс-канцлердин «Крымдын эртели-кеч Орусияныкы экенин кабыл алуубуз керек. Ал ансыз деле 1954-жылга чейин Орусияга таандык болчу. Хрущев жаңылып, аны Украинага тартуу кылып койгон»,-деген пикири себеп болгон. Аталган сайт Украина жана анын өкмөтү тууралуу терс пикир айткан же саясат жургүзгөн тараптардын тизмесин «Украина душмандары» деген баш сөз менен жарыялап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM