Биз менен байланышыңыз

«Black Friday (Кара Жума)» тууралуу 5 кызык

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 858 | 1

Бүгүн дүйнө жүзүнүн дээрлик бардык континенттеринде соода-сатык майрамы «Black Friday» башталат. Уюштуруучулар быйыл соода-сатыктын рекорддук чегине жетебиз деп шымаланып турган чагы. Анткени бул фестивалда алармандар үчүн абдан көлөмдүү арзандатуулар убадаланса, сатуучулар үчүн көп сандагы кардарлардын болуусу күтүлөт. Америкада пайда болгон бул иш-чара ар жылы жаңы өлкөнү өз катарына кошкон менен ага карата Американын өзүндө жана Европада кызыгуу кетип жатат. Мунун себеби эмнеде?

  1. Америкалык Ipsos агенттигинин сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча өткөн жылы ар бир экинчи америкалык бул кунү үнөмдүү баада бир нерсе сатып алууну көздөгөн болсо, бул жылы калктын 38% гана «кара жуманы» күтөөрүн айткан. Ушундай эле жыйынтык британиялык Aptos компаниясынын жүргүзгөн изилдөөсүндө белгилүү болду. Европалыктардын 34% аталган соода-сатык фестивалына катышарын айтышкан.
  2. Aptosтун изилдөөсү боюнча британиялык алармандардын көпчүлүгү бул күнү убадаланган арзандатуулардын орундалышына ишенишпейт. Дагы бир алармандардын укугун коргоочу Which? уюму фестивалда сатылчу товарлардын 87%ын жылдын башка мезгилдеринде деле арзан баада сатып алууга болорун тастыктаган. Бул көрсөткүч өткөн жылдарда 50-60% болсо, акыркы кезде 90%га жакындады.
  3. «Black Friday» күнү сатуучулар үчүн биз ойлогончолук кирешелүү эмес экен. Бул күн алар үчүн эл катарынан калбай жашап кетүү үчүн күрөштүн бир түрү. Көпчүлүк европалык компаниялар америкалык бул адатты «океандан бери өтпөй эле койсо жакшы болмок» дешет. Арасында бул фестивалдан баш тарткан «Marks and Spencer» ири дүкөндөр тармагы да бар. Рыноктогу орунду сактап калуу үчүн компаниялар белгилүү чыгашаларга барууга мажбур. Jigsaw дүкөндөр тармагынын ээси Питер Руистин айтымында бул күнү сатылган модалуу кийимдер дүкөндөрүнүн товарынын жарымы кайра дүкөнгө кайтарылат. Аларды эки-үч аптадан кийин андан да арзан баада сатууга туура келет. Муну Which? агенттиги да ырастайт.
  4. Дүйнөдөгү соода-сатык рекордун жасоодо жалгыз саналган «Blach Friday» эми жалгыз эмес. Жадагалса биринчи да эмес. Анткени кытайлык ири интернет-дүкөнү Alibaba жаңы рекордду коюп, «Кара жуманын» 20 миллиарддык рекордун 30га чыгарып, артта калтырды.
  5. Ipsosтун маалыматы боюнча товарларга арзандатуулар октябрда эле башталып, сатуучулар ноябрдагы майрамга кардарларды чогулта башташат. Ага чейинки арзандатуулар «Black Friday»ге караганда алдаганча реалдуу экенин белгилешет адистер. Эгер ушул темп менен уланса жакынкы жылдары бул фестивалдын мааниси такыр жоголуп, арзандатууларды кардарлар жыл бою көрө ала турган болуп калышат.

1 пикир

1 пикир

  1. Аси

    23.11.2018 22:52

    Биз учун берекелуу жума

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM