Биз менен байланышыңыз

«Акнеттин» документтери алынууда

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 1004 | 0

«Акнет» ААКынын кеңсесинде Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Буга ишкананын негиздөөчүлөрү арасында мүлккө байланыштуу талаш чыккандыгы себеп болгон.

Компаниянын адвокаты Амантур Абдырахманов рейдерлик басып алуу болгону тууралуу маалыматты четке кагып, кызматкерлерге «Акнеттин» бардык филиалдарындагы документтерди алууга укук берилгендигин айтты.

Кылмыш иши «Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин укугунан аша чаап пайдаланышы» беренесинин негизинде козголгон.

Азыр документтердин баары алынды, бирок бири да каттоого алынган жок. Ар бир документти каттоого алгыла деген талапка тергөөчүлөр реакция кылган жок», — дейт Абдрахманов.

Ал мындан тышкары, 23-ноябрда компания Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматкерлеринин аракети канчалык мыйзамдуу болгондугу боюнча маселе көтөрө турганын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн интернетте компанияга рейдерлик басып алуу болгону тууралуу сүрөт жарыяланган. Ал сүрөт телевизордун экранынан тартып алынган.

Кошумчалай кетсек, “Акнеттин” Оштогу филиалындагы документтери да алынары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM