Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: «Мегаком» азырынча инвестор издебейт

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 579 | 0

«Мегаком» компаниясы азырынча инвестор издебейт. Анткени компаниянын кирешеси өзүнүн иш-чараларына жетет. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкана негизинен уюлдук сүйлөшүүлөрдөн, эл аралык роуминг жана интернетти сатуудан киреше табат.

«Ар бир көрсөткөн кызматты жарнамалашыбыз керек. Буга чейин компанияда жарнама үчүн азыраак каражат бөлүнүп келген экен. Эми анын суммасын жогорулатууну пландап жатабыз. Жарнамаларга белгилүү адамдар катышат. Алар компаниябыздын жүзү болуп калат», — дейт Жамангулов.

Ал мындан сырткары акыркы 5 жылда техникалык абалга көп көңүл бурулбай калгандыктан «Мегаком» айрым чектөөлөргө барууга муктаж экенин айтып, ал эми жеке уюлдук компаниялар оперативдүү түрдө базасын жаңыртып койгонун белгиледи.

Маалым болгондой, кийинки жылдан тарта дээрлик бардык аймактар интернет менен камсыздалат. Ошондой эле ишкананын жарандарды колдоо болборлорунда да өзгөрүүлөр болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM