Биз менен байланышыңыз

“Мегаком” түрдүү иш-чараларга демөөрчүлүк кылуудан баш тартты

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 678 | 0

“Мегаком” мамлекеттик ишканасы түрдүү иш-чараларга демөөрчүлүк кылуудан баш тартуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, компания социалдык объектилерди курууну дагы кыскарткан. Себеби ишкананын кирешеси акыркы убакта кескин азайып кеткен.

«Ашыкча чыгымдарды кыскартып, каражатты техникаларды жакшыртууга сарптайтбыз. Быйыл «Мегакомдун» кирешеси 500 млн сомго аз болду. Азыр каржы түшө турган башка булактарды караштырып жатабыз. Жалпы элди интернет менен камсыздап, кирешени көтөрүүнүн үстүндө иштер жүрүүдө», — дейт Жамангулов.

Кошумчалай кетсек, буга чейин «Мегакомдун» жетекчиси 12 миң доллар маяна алып келген. Мамлекеттик мүлк  фондунун чечими менен директордун айлык акысы кыскартылган. Учурда Жамангулов 200 миң сом айлык алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM