Биз менен байланышыңыз

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 670 | 0

“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн директорлор кеңешинин төрагасы Александр Рябушкин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Свердлов райондук соту 2016-жылдын 5-февралында жана Бишкек шаардык соту 2016-жылдын 15-июлунда «Вечерний Бишкек» басма үйүн, «Вечерний Бишкек» гезитинин редакциясын, vb.kg Интернет сайтын, «Жаңы агым” гезитинин редакциясын, «Рубикон» жарнамалык фирмасын аброюма шек келтирди деген доогер Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 млн сом төлөп берүү чечимин чыгарган.

Ошондой эле, 2015-жылдын август айында Свердлов райондук соту «Вечерний Бишкек» басма үйүн Икрамжан Илмияновго 1 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

2016-жылы 21-октябрда «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн директору Мурат Божокоев Александр Рябушкин менен кызмат абалынан пайдаланып, Эркин Мамбеталиевге 1 млн сомду акционерлердин кызыкчылыгына каршы аракет менен төлөп беришкен.

Мурат Божокоев менен Александр Рябушкин бул аракеттери менен компанияга материалдык ири зыян келтиришкен.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин “Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”, “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу)” беренелери боюнча иш козголду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM