Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: “Мегакомдун” тарифтик пландары өзгөрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 610 | 0

Жаңы жылдан тарта жарандар мамлекеттик “Мегаком” компаниясынын жаңы күчүнө күбө болушат. Ишкана учурда үч багытта стратегиялык планын иштеп жатат. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Мегаком» каржылык жактан да, рынокто ээлеген орду боюнча дагы чоң жылыштарга жетишет. Чоң иш-чараларды өткөрүү пландалууда. «Мегаком» мобилдик уюлдук оператор деген нерседен алыстап финансылык рынокко кирүүгө бел байлайт. Жаңы жылдан соң жаңы тарифтик пландар чыгат.

«Тарифтик пландарда көп өзгөрүүлөр болот. Азыр чалуулар азайып, интернет колдонуучулар көбөйдү. Мен саясаттан келген соң бир топ киши жаш бала кандай иштейт экен деп карап турат. Муну мен жалгыз эмес команда менен бирге кылабыз. Президент менен  өкмөт башчы тарабынан чоң ишеним болууда. Мен чоң жоопкерчиликти сезип жатам. Учурда жумуш менен таанышып, иш нугуна түшүп калды», — дейт Жамангулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM