Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Текебаев өзү ырайым сурабайт

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 925 | 0

Жогорку Кеңеште мунапыс тууралуу мыйзам каралып жатат. Бирок анда Өмүрбек Текебаевге тиешелүү берене жок. Ал эми Текебаев өзү ырайым сурабайт. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Текебаев абактан чыгаруусун айтып эч качан ырайым сурабайт. Саясий кеңеш Текебаевдин ишин кайра каратууга болгон аракетин жумшайт деп белгиледи.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаевге «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM