Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Жыйында өлкө башчы «көп нерсени» билбей турганын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 557 | 0

Президент менен болгон жолугушууда өлкө башчы «көп нерсени» билбей турганын айтты. Сооронбай Жээнбеков баарын дароо даярдап коюу мүмкүн эмес экенин айтып, өнүгүү үчүн инвестиция, даяр кадр керектигин айткан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Матубраимов жыйында бийлик бутактарынын укуктарын так аныктап алуу зарылчылыгына токтолгон. Мындан сырткары кадр саясатына басым жасап, өкмөткө «кадр саясатына келгенде президентке карап отурбагыла» деген пикирин айткан.

«Кадр тарбыялап алып келүү өтө чоң маселе. Кадр көбөйгөнүн, бири-бирине отчет берүү өскөнүн, эл өкүдөрү округдардан шайланышы керек экенин айттык. Ал эми президент айтылган сунуштарды кабыл алып анализ жасай турганын, учурда сот системасындагы реформаларды карап жатканын айтты. Мындан сырткары банк жана энергетика системасын кароо зарыл», — дейт Матубраимов.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Адахан Мадумаров кадыр-барктуу кишилер элчи болуп башка мамлекеттерге жөнөтүлсө көп пайда келерин айткан.

Белгилей кетсек, президент 20-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолугушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM