Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Президент менен жолугушууда кызмат сурагандар болгон жок

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 1656 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун экстер менен жолугушуусу монолог эмес диалог түрүндө өттү.  Ушул сыяктуу жолугуушулар  системалуу түрдө өтүп турса өлкө башчыга чоң жардам берет. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыйындын 3-4 катышуучусу конституциялык реформа жасоону сунуштаган. Бирок айрымдар Баш мыйзады улам өзгөртө бербей туруктуу кармоо зарыл экенин белгилеген. Ал эми президент бул маселени карап чыгып анализ жасай турганын айткан.

«Өлкөдө жаңы башталган нерсе уланбай калат. Конституция улам өзгөрө берет. Бирок ал бирөөгө жакса, башкасына жакпайт. Жолугушууда кызмат сураган адамдар болгон жок. Чогулушка катышкан мурдагы премьер-министрлердин 80% экономикалык маселелерди жана аны чечүү жолдорун көрөттү. Президент 5 жылда көп нерсе жасайм десе ушундай жолугушууларды уюштуруп турса жакшы болот. Ошондой эле, премьер-министр дагы мурдагы өкмөт башчылары менен жолугуп, акылдашып турганы жакшы», — дейт Кадырбеков.

Белгилей кетсек, президент 20-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолугушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM