Биз менен байланышыңыз

Ишенбай Кадырбеков: Жыйында президентти мактоо болгон жок

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 834 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков экстер менен болгон жолугушууда туура ыкманы колдонду. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент жыйындын катышуучуларынын оюн угуп, «жыйынтык чыгарам» дегени туура ыкма болгон.

«Мен жыйында бир топ маалымат алдым. Президент дагы көп нерсени билбей жүргөнүн, чогулушта бир топ маалыматка ээ болгонун, экстер менен кайра жолугушуу зарыл экенин айтты. Демек, өлкө башчынын айтылган сунуш-пикирлерди анализ кылып, бир багытта кетүүнү каалаган ою бар экен», — дейт Кадырбеков.

Ал белгилегендей, мамлекетти башкарган адам ар дайым толук маалыматка ээ болушу керек. Бирок президенттик аппарат бара-бара маалыматты ченеп берип калат.

Ошондой эле жолугушууда президентти мактоо болгон эмес. Анда көпчүлүк Кара-Кечеге, Бишкек ЖЭБи, Сары-Жазга кичинекей гидростанцияларды куруу сыяктуу маселелер менен өлкө экономикасын көтөрүү боюнча пикирин билдирген.

Ишенбай Кадырбеков өлкөдө адамдар кызматтан кеткен соң унутулуп каларын айтып, бирок мурда иштеп кеткендер тажрыйбалуу экенин, дүйнө жүзүндө экстерди «алтын фонд» деп атап бийлик өкүлдөрү ар дайым жанына алып жүрөрүн белгиледи.

«Жыйынга катышкандар жөнөкөй адам эмес. Буулугуп, оюн айта албай жүргөндөр президентке түз айтууга мүмкүнчүлүк алышты. Эми өзгөчө кырдаа болсо дароо чогултуп акылдашса пайдасы гана тиет. Мындан сырткары, Атамбаевдин Өмүрбек Текебаевди отургузуу жөнүндө күмөн санап калганынан улам Жээнбековго мыйзамда кайра карап берүүсү тууралуу ой түзүлдү. Бул маселе катышуучулардын жүрөгүндө турганы байкалды. Ал эми президент айтылгандардан жыйынтык жасай турганын айтты», — дейт Кадырбеков.

Ал буга кошумча, коррупцияга жол берип жаткан мыйзамдарды оңдогондо гана паракорчулук азаярын айты.

«Бүгүнкү парламент менен муну ишке ашыра албайбыз. Азыр парламетке ким депутат болуп келерин эл эмес партия лидерлире тандап жатат. Негизи эл шайлашы керек. Мен жыйында азыр биз партияны шайлап жатабыз. Бирок ЖКда отурган депутаттарга эч ким жобуш берген эмес дедим», — дейт саясатчы.

Белгилей кетсек, президент 20-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолугушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM