Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Көпчүлүк конституциялык реформа тууралуу айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 936 | 0

Президент менен болгон жолугушууда көпчүлүк катышуучулар конституциялык реформага баруу зарыл экенин белгилешкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Бирок ал эң акылдуу мамлекеттерде конституция жок экенин, анын ордуна мыйзамдардын жыйнагы гана бар болгонун айтып, Кыргызстанда да Конституциялык мыйзамдар иретке келтирилсе өнүгүү болорун белгилейт.

«Өлкөдө коррупцияны жок кыла албайбыз, аны ооздуктоого болот. Андыктан жыйында декларация маселесин жакшылап карагыла дедик. Анткени азыр элиталык үйлөр, кымбат унаалар көп. Муну башка мамлекеттин өкүлдөрү да айтып жатат. Декларацияны ачык-айкын кылалы. Экономиканын өнүгүүсүнө жолдор көп, бирок кетенчиктеп туруп калуудабыз», — дейт Матубраимов.

Ал кошумчалагандай, мамлекеттүүлүктө «досум сатып кетти» дегенди токтотуш керек. Себеби мамлекекеттин кызыкчылыгы жогору турушу керек.

Ал буга кошумча мамлекет элдин мүдөөсүн аткарууга ашыгышы зарыл экенин, СССР убагындагы системадан башкалар үлгү алып жатканын айтты. Ошондой эле аткаминерлердин жеке кызыкчылыгынан улам Кыргызстан келген инвестицияларды туура колдоно албай калганын да кошумчалайт.

Эске салсак, президент 20-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолугушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM