Биз менен байланышыңыз

Фельдшер менен тургундун мушташуусу боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 470 | 0

Бишкекте Тез жардам кызматынын фельдшери менен шаар тургунунун мушташуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнен билдиришти.

Борбор калаадагы үйлөрдүн биринде жашаган аядын дене табы көтөрүлүп кеткендиктен, тез жардам чакыртышкан. Дарыгерлер келгенде аялдын күйөөсү кеч келдиңер деп фельдшер экөө айтыша баштаган. Акырында экөө мушташа кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Учурда Биринчи Май райондук милициясына эки арыз түштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM