Биз менен байланышыңыз

Аматов: Биринчи май районуна Айтматовдун ысымы берилсин

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 1059 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов Бишкектин Биринчи май районуна жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү сунуштады. Ал  мындан тышкары, борбордогу көчөнүн бирине да жазуучунун атын берүү керектигин айтат.

Шаардык кеңештин бүгүн, 20-ноябрдагы күн  тартибинде бул маселе карала турган болду.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, Белинский көчөсүнө Манастын атын берүүнү сунуштаган.

Белгилей кетсек, Ташкентте көчөгө, Ленинградда скверге, Түркияда көчө менен скверге, ал эми Казакстанда 8 тилкелүү чоң жолго Чыңгыз Айтматовдун аты берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM