Биз менен байланышыңыз

Сауд королунун мураскери алмашабы?

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 622 | 0

Белгилүү журналист Жамал Хашокжинин өлүмүнө айыпталып жаткан Сауд падышасынын мураскери ханзаада Мухаммед бин Салман мындай ызы-чуудан кийин бийликке келе албайт. Мындай пикирин билдирген падышалык бүлө анын ордуна 82 жаштагы падыша Салман бин Абдулазизге мураскер катары анын 76 жаштагы иниси Ахмед бин Абдулазизди коюуну каалашууда. Бул тууралуу саудиялык басылмаларга таянып Reuters агенттиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, Ахмед бин Абдулазизди Батыш да колдойт. Ал эми падыша Салмандын уулу Мухаммеддин атына көлөкө түштү. Аны дээрлик бардык тараптар журналисттин өлүмүнө түз да, кыйыр да күнөөлөп жаткан чагы. Бирок падыша Салман сүйүктүү уулун тактыдан куру калтыра алары кумөн жаратат.

Кошумчаласак, маркум Жамал Хашокжи өз кезегинде ханзаада Мухаммеддин кеңешчиси, жардамчысы да болуп жүргөн. Аны өзү жашаган Америкадагы Сауд элчилигине эмес, Стамбулдагы элчиликке багыттаган киши дал ушул ханзаада болчу. Бүтүндөй сарай сырларын, элчиликтин иштерин мыкты билген Хашокжи бир нече жыл мурда ханзаада менен эки ажырым жолго түшүп, акыркы макалаларында ханзаада Мухаммеддин Саудиянын тышкы саясатына көлөкө түшүрүп, өзгөчө Америка менен болгон мамилелерине кедергисин тийгизип жатканын айтып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM