Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык кеңешине жаңы депутат келди

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 504 | 0

Сергей Шин Бишкек шаардык кеңешине жаңы депутат болуп келди. Ал КСДП фракциясынан Евгения Бердникованын ордуна келди.

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда алар күн тартибинде 11 маселени карашат, анын ичинде мэриянын структурасын бекитүү, калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү, туруктуу комиссиянын курамын өзгөртүү жана башка маселелер бар.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайбек Сагынов күн тартибине борбор калаадагы абанын булганышы боюнча маселени чыгарууну сунуштады. Талкуудан кийин бул маселе карала турган болду.

Эске салсак, шаардык кеңеште 45 депутат бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM