Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: «Центерранын» жетекчилиги Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 443 | 0

“Кумтөр” алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилигиКыргызстанга келет. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 15-ноябрда жолугушуу үстүбүздөгү жума ичинде өтөрүн кабарлаган.

Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясы өз үлүшүн сатары тууралуу сөздөрдүн чын-төгүнү ушул жолугушууда аныкталарын, «Кумтөр» боюнча түзүлгөн келишим өкмөттү канааттандырбай турганын билдирди.

“Келишимдин шарттары бизди канааттандырбайт, биз каражаттын түшүшү боюнча өз позициябызды бекемдөөгө тийишпиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициянын тартылышы боюнча келишим 5 жолу убактылуу узартылды. Ал азыр биздин талаптарыбызды кароодо, ошондуктан сүйлөшүүлөр качан жана кандай аяктары азырынча белгисиз”- дейт Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан соңку эки жылдан бери “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынан дивидент ала элек. «Центеррадагы» акциялардын 26,5 пайызына «Кыргызалтын» акционердик коому аркылуу кыргыз өкмөтү ээлик кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM