Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болот.
21-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
21-ноябрда күндүз жана 22-23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.