Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Текебаев боюнча мыйзамга карабасам деле болмок

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 502 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев «Апрелге» берген маегинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча да оюн билдирди.

Ал Текебаев боюнча мыйзамга карабай эле койсо болорун моюнга алды.

«Текебаев боюнча мыйзамдын негизинде баары далилденген. Мыйзамга карабай деле койсом болмок экен. Анын тарапташтары да миллиондор тууралуу айтышкан. Мен укук коргоо органдарына ар дайым мыйзамга карагыла дечүмүн»- дейт Атамбаев.

Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев коррупцияга айыпталып соттолгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM