Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Ислам академиясын негиздөө боюнча көп суроо туулат

Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 561 | 0

Мамлекет сөзсүз түрдө динге кийлигишиши керек, бирок чеги менен. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал Ислам академиясын ачуу маселеси өзү үчүн жаңылык болгонун айтып, чет мамлекеттен окуган адистер өздөрү үйрөнүп келген агымдарды окутуп жатышканын белгилейт.

«Бул азырынча мага түшүнбөстүктөрдү жаратты. Мындай түзүүлөр өлкө мыйзамдарына туура келеби, бюджет тартыш болуп турган учурда Ислам академиясын ким курат жана окуучуларды ким окутат, коңшу мамлекеттерде динге болгон кийлигишүү бизде да кайталанабы деген суроолор туулат», — дейт Бешимов.

15-ноябрда Бишкекте өткөн “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аттуу эки күндүк эл аралык конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө Ислам академиясын негиздөөнү сунуштаган. Жээнбековдун айтымында, Ислам академиясын мамлекет көзөмөлдөп турууга тийиш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM