17-ноябрда Ош шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлайт.
Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар мэри жана коопсуздук органдарынын жетекчилиги катышты.
Жаңы курулган турак үйдөн УКМК кызматкерлеринен 49 үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болду.